Глобальный поиск не включен.
Перейти к основному содержанию

5 Курсы

Учитель: Mirgul EsengulovaУчитель: Гулянда Асанова

1-Модуль. Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу

Бул окуу модулунда “окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо (дизайн)” жана "дифференцияланган окутуу технологиясы" түшүнүктөрү каралып, баалоону дифференциянын негизи катары пайдалануу түшүндүрүлөт, мугалимдер окуу сабактарында жана башка предметтерде бул ыкмаларды кантип колдонсо болору тууралуу атайын көрсөтмөлөр берилет.

Учитель: Mirgul Esengulova

2-Модуль. Предмет менен тилди интеграциялап окутуу

Бул окуу модулунда предметти  жана тилди интеграциялап окутуунун негизги принциптери жана артыкчылыктары каралып, предметтик тексттер менен иштөөнү уюштуруу жолдору, окуучулардын тил үйрөнүүсүнө колдоо көрсөтүү усулдары, баалоонун негизги ыкмаларын жана көп тилдүү окуу чөйрөсүндө  практикада предметти жана тилди интеграциялап окутууну камсыз кылуучу стратегиялар сунушталат.

Учитель: Mirgul Esengulova

3-Модуль. Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу

Бул окуу модулунда балдар адабияты жана балдарга арналган китептер түшүнүктөрү ачылып берилген жана 

а) башталгыч класстарда балдар китептерин окуу процессине ар кандай предметтик сабактарга киргизүүнүн маанилүүлүгү; 

б) балдар китептеринин ар кандай түрлөрү; 

в) ар кандай балдар китептерин окуу жана  жазуу, математика, мекен таануу, турмуш-тиричилик негиздеринин коопсуздугу, этика, кыргыз тил жана орус тил сабактарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү; 

г)  мугалимдер балдар китептерин окуу процессине киргизе ала турган стратегиялар  каралган.


Учитель: Mirgul EsengulovaУчитель: Гулянда Асанова

4-Модуль. Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу

Бул тренингдик модулда «чыгармачыл жазуу» түшүнүгү, кенже класстардын окуучуларын окутуу процессинде анын мааниси жана башталгыч мектепте окуучулар өздөштүрө турган тексттердин ар түрдүүлүгү – алардын түрлөрү, кептин стилдери жана жанрлар чагылдырылган. Бул модулда негизги көӊүл чыгармачыл жазуу процессине жана аны кантип окутууга бурулат. Андан тышкары, модуль мугалим тарабынан чыгармачыл жазуунун ролун кайрадан аӊдап-түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө жана аны окуучулардын ар кандай сабактарды (математика, Мекен таануу, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери ж.б.) окуп-үйрөнүүгө киргизүүгө багытталган. Ал мугалимдерге адабий окуу жана башка сабактарда чыгармачыл жазууну колдонуунун ар кандай стратегияларын сунуштайт.

Учитель: Mirgul Esengulova

5-Модуль. Башталгыч мектептеги күн сайын жазуу

Бул модулда окуучулардын бар болгон билимдерин жана тажрыйбаларын актуалдаштыруу, сөз байлыгын байытуу, окуганын терең түшүнүү, окуп-үйрөнгөнүн жана калыптанган көндүмдөрүн бекемдөө, окуучулардын жетишкендиктерин көрсөтүү сыяктуу ар түрдүү максаттарды жана милдеттерди эске алуу менен башталгыч мектепте сабактарда күн сайын жазууну колдонуунун маселелерин кароо сунушталат. Мында окуу, Мекен таануу, математика, турмуш-тиричиликтин негиздери ж.б. предметтерине күнүмдүк жазуу иштерин интеграциялоо жолдору сунушталат.